09.03.2026 2-семинар “Сабактын максатын туура коюу, такта менен иштөө” Алиев Куван Бакбергенович колледждин директор .

Жаш мугалимдер үчүн “Сабактын максаты жана такта менен иштөө” темасында семинар өткөрүлдү.
Семинардын максаты – мугалимдерге сабактын максатын так жана туура коюу, аны окуу процессинде эффективдүү ишке ашыруу, ошондой эле тактаны сабак учурунда туура жана пайдалуу колдонуу боюнча практикалык көндүмдөрдү берүү болду. Катышуучулар сабактын максатын аныктоонун мааниси, аны студенттерге жеткирүү жолдору жана тактада маалыматты так, түшүнүктүү жана системалуу жайгаштыруу ыкмалары менен таанышышты.
Иш-чара мугалимдердин сабак өтүүдөгү усулдук деңгээлин жогорулатуу, студенттердин сабакка болгон кызыгуусун арттыруу жана билим берүү сапатын жакшыртуу максатында уюштурулду.

Прокрутить вверх