23.03.2026 3-семинар “ Е -билим менен иштөө” окуу бөлүмүнүн орун басары Оразахунов Жеңишбек Амаджанович

Жаш мугалимдер үчүн “Е-билим электрондук журнал менен иштөө” темасында семинар өткөрүлдү.
Семинардын максаты – мугалимдерге электрондук журналды туура жана натыйжалуу колдонуу боюнча практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу болду. Катышуучулар “Е-билим” системасына кирүү, окуучулардын жетишкендиктерин баалоо, сабактарды белгилөө, үй тапшырмаларды жүктөө жана отчетторду түзүү жолдору менен таанышышты.
Иш-чара билим берүү процессин санариптештирүү, мугалимдердин маалыматтык-коммуникациялык компетенттүүлүгүн жогорулатуу жана окуу процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында уюштурулду.

Прокрутить вверх